Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, учурда Сопу-Коргон айылында Терек дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө.
Мындан тышкары, үч объектте оңдоо жана калыбына келтирүү жумуштары жүрүп, 430 метрден ашык коргоочу тосмолор жаңыланат.
Натыйжада 330 кожолук жана 230 гектар айыл чарба жерин сел жана суу ташкынынан алдын алууга болот.



