Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул чаралар жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алууга багытталган. Иштерди аткаруу үчүн 5 бригада түзүлгөн.
Санитардык тазалоо Гүлчө шаарын, Курманжан датка айылын жана Савай аймагын камтыйт. Адистер үйлөрдүн айланасын, жертөлөлөрдү, ашканаларды, чарбалык курулуштарды жана санитардык түйүндөрдү тазалап жатышат.
Мындан тышкары, жабыркаган калктуу конуштарда азык-түлүктөрдүн коопсуздугу жана ичүүчү суунун сапаты көзөмөлдөнүүдө.
Эске салсак, 27-29-апрелдерде Ош облусунун Алай районунда сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилген.



