Алайда жаңы спорткомплекс пайда болот

Алайда жаңы спорткомплекс пайда болот.

 

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, объект Сопу-Коргон айылында жайгашат. Республикалык бюджеттен каржыланып жаткан долбоордун баасы 37 миллион сомду түзөт. Комплексте волейбол жана баскетбол аянтчалары, машыгуу залы, машыктыруучулар үчүн кабинет жана кийим алмаштыруучу жайлар болот.