Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы мектеп 60 жылдан кийин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.
Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объект 1 миң 400 орунга эсептелип, окуучулар үчүн бардык шарттар каралды.
Капиталдык оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 173 миллион сомду түздү.



