Албанияда өткөн рейтингдик турнирдин жыйынтыгында Кыргызстандын капчыгында 9 медаль

Албанияда өткөн рейтингдик турнирдин жыйынтыгында Кыргызстандын капчыгында 9 медаль. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

 

Аталган мелдеште өлкө намысын 28 балбан коргоп, эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашты. 9 медалдын экөө алтын, экөөсү күмүш, калгандары коло. Белгилеп кетсек, турнир 25-февралдан 1-мартка чейин өттү.