Алимент төлөбөй жүргөндөр мажбурлап ишке орноштурулат.
Такыр алимент төлөбөй жүргөндөрдү мажбурлап ишке орноштуруп, маянасынан балага акча бөлдүрүү тууралуу мыйзам долбоорун Башкы прокуратура демилгеледи.
Документ Жогорку Кеңештин комитетинде каралууда. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаеванын айтымында, жумушу жоктугун шылтоолоп акча төлөбөй жүрө берген учурлар көп кездешет. Мыйзам долбоору боюнча эми аларды сот аткаруучулар мажбурлап жумушка орноштурат.



