5-декабрдан тарта Алматы – Каракол аба каттамы ачылат.
«Кыргызстан аэропорттору» ишканасынан билдиришкендей, каттамды мамлекеттик авиакомпания ишке ашырат.
Самолет аптасына эки жолу — жума жана жекшемби күндөрү учат. Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайтынан же Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



