Алматы–Тамчы түз аба каттамы кайра жанданат

 

Алматы–Тамчы түз аба каттамы кайра жанданат. Алгачкы каттам 10-июлда аткарылып, андан ары учактар жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү каттайт. Учуу убактысы бир саатты түзөт.

 

Жаңы каттам казакстандык туристтердин Ысык-Көлгө жетүүсүн жеңилдетет.