Алтынбек Эргешов президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, Токмок шаарына мэр болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, кечээ Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев коррупцияга шектелип кармалып, бүгүн кызматынан бошотулду.



