Алтындын баасы дагы бир жолу өзүнүн тарыхый рекордун жаңылады. Comex биржасынын маалыматына ылайык, металлдын баасы трой унцийи үчүн 3 миң 400 доллардан ашты.
Вашингтондун соода саясатынын шартында курстун өсүшү уланууда. Алтын дагы деле инвесторлор тарабынан коопсуз актив катары кабылданууда, дешет экономисттер.
Ушул жылдын башынан бери баа 26%га өстү – бул 1986-жылдан берки рекорддук кварталдык өсүш. Аналитиктердин баамында 2026-жылдын орто ченинде анын баасы бир унций үчүн 4 миң долларга жетиши мүмкүн.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



