Америкалыктар миллиардерлердин дүйнөлүк рейтингиндеги алдыңкы он орунду ээледи.
Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, биринчи орунда — Илон Маск, анын байлыгы 919 миллиард долларга бааланууда.
Экинчи орунда Google компаниясынын негиздөөчүсү Ларри Пейдж, үчүнчүдө Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос турат. Ондукка ошондой эле Уоррен Баффет кирди. Жалпысынан дүйнөдөгү миллиардерлердин саны рекорддук көрсөткүчкө жетип, 3 миң 795 адамды түздү. Алардын жалпы байлыгы 15,1 триллион долларга жетет.


