Аналитиктер алдыдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатында өзүн мыкты көрсөтө ала турган жаш футболчуларды атады. Тизменин сап башында Испания курамасынын жаш жылдызы Ламин Ямаль турат.
Экинчи позицияда Түркия үчүн ойногон Арда Гюлер жайгашат. Үчилтикти Португалия курамасынын хавбеги Жуан Невеш бекитет. Эске салсак, мундиаль 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт.



