Анкара, Ауэзов көчөлөрүндө жана 3 конушта суу өчөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 23-июнда саат 09:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү аймактарда суу болбой:
- Достоевский көчөсү — Анкара көчөсү — Ауэзов көчөсү — темир жол линиясы.
- Алтын Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында.
Суу Контррезервуар суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.



