Анкара көчөсү тарапта ичүүчү суу бир күнгө токтойт

Бишкектин Анкара көчөсү тарапта ичүүчү суу бир күнгө токтойт.

 

Муниципалитеттен маалымдашкандай, 23-октябрдагы өчүрүү Анкара көчөсү, Чоң Чүй каналы, Аламүдүн суусу, темир жол тилкесин камтыйт. Бул райондо жайгашкан турак үй, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде суу саат 9дан түнкү 10го чейин жок болот.

 

Мунун себеби реконструкция иштерине байланыштуу.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.