Апофис астероиди 2029-жылы Жерди аралап өтөт

2029-жылы Апофис астероиди (Күндү айланып жүргөн чоң асман телосу) Жерге эң жакын учуп өтөт.

 

Окумуштуулардын айтымында, 13-апрелде боло турган бул сейрек кездешүүчү көрүнүштү дүйнө жүзү боюнча болжол менен 7 миллиард 600 миллион адам байкай алат.

 

Астероид Жерден 31 миң чакырым аралыкта өтөт жана эч кандай коркунуч жаратпайт. Адистер мындай көрүнүш миң жылда бир гана жолу болорун белгилешүүдө.