Араван районунда селден киийнки санитардык тазалоо иштери жүрүүдө

Араван районунда селден киийнки санитардык тазалоо иштери жүрүүдө.

 

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 3-майда Маданият, Пахта-Дөбө жана Бостон айылдарында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 21 үйдүн короо-жайын, 1 мектептин жана 1 бала бакчанын короосун суу каптаган. Райондун тиешелүү кызматтары тарабынан тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлүп, учурда ички жолдор, арыктар жана сел каналдары калыбына келтирилүүдө. Жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында райондук Санитардык-эпидемиологиялык кызмат активдүү иш алып барууда.