Араван районунда сметалык баасы 1 миллиард сом болгон газоблок заводу курулууда

Араван районунда сметалык баасы 1 миллиард сом болгон газоблок заводу курулууда. Завод жылына 300 миң куб метр газоблок өндүрөт. Долбоор ишке киргенде 70 туруктуу жумуш орду түзүлөт.

 

Өндүрүшкө керектүү чийки заттын 90 пайызы Кыргызстандын түштүгүндөгү жергиликтүү кендерден алынат. Заводду ушул жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.