Арстанбапта болгон сел боюнча иш козголду.
Башкы прокуратура Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жергиликтүү филиалында иштегендерге “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
Маалыматка ылайык, кызмат адамдары 2006-2019-жылдары суу коргоо зонасында жайгашкан 15 жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берип жиберген. Кийин бул жерге бир катар соода жайлары курулган.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Арстанбап айылында ушул жылдын июль айында катуу сел жүрүп, машинелерди агызып кеткен. Андан тышкары үйлөр, имараттар, көпүрөлөр жабыркаган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



