Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери зарыл учурларда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатышат.
Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жолго чыга турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.
Эске салсак, Кыргызгидромет кызматы 4-5-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн эскерткен.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



