Ашуулардагы жолдор түндө жааган кардан тазаланып, унаалардын жүрүүсүнө шарт түзүлдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жолчулар нөөмөттө болуп, жолдордун коопсуздугун камсыздоо иштерин улантууда.
Жол кызматтары айдоочуларды алыскы жолго чыгар алдында унаанын техникалык абалын текшерип, кышкы дөңгөлөк менен жүрүүгө чакырат.



