Аскер кызматкерлерине “Менин үйүм” мамлекеттик программасына катышуу шарттары жеңилдетилди

Аскер кызматкерлерине “Менин үйүм” мамлекеттик программасына катышуу шарттары жеңилдетилди.

 

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жаңы документке ылайык, аскер кызматкерлери кызмат өтөгөн жерине карабастан программага катышуу укугун алышат.

 

Бирок алар бардык бекитилген критерийлерге жооп берип, программага катышуу арызынын тартиби сакталышы керек.