«Асман аба жолдорунун» авиапаркын кеңейтүүгө 5,8 млрд сомдон ашуун каражат бөлүндү

«Асман аба жолдору» авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө быйыл 5 млрд 800 млн сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

 

Анын айтымында улуттук авиакомпания атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Бул максатта мамлекет Airbus 321 үлгүсүндөгү эки учак сатып алат.

 

Өкмөт башчы ошондой эле 2026-жыл кыргыз авиациясы үчүн өзгөчө жыл болгонун, Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыгарылганын белгиледи.