«Asman Airlines» жакынкы беш жылда сегиз жаңы учак сатып алат

“Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясы жакынкы 5 жыл ичинде сегиз учак сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, буга чейин эки учак сатып алуу боюнча келишимге кол коюлган. Бул авиапарктын масштабдуу жаңылануусунун жана кеңейишинин биринчи этабы болуп саналат.

 

“Жаңы учактарды сатып алуу жүргүнчү ташуу мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатып, эл аралык маршруттук тармакты кеңейтүүгө шарт түзөт», — деп айтылат маалыматта.