«Асман Эйрлайнс» компаниясы 9-июлда өз учагы кабылган окуя боюнча расмий түшүндүрмө берди.
Ишкана жагдайды штаттык техникалык кырдаал катары чечмелеп, мүчүлүштүктүн өзүн “техникалык индикация” деп атады.
Техникалык индикация – бул учактын жабдуулар панелинин, датчиктердин жана башка навигациялык тутумдардын кайсы бир нерселер иштебей калганын түшүндүрөт.
“Авиакомпания жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алганы үчүң жүргүнчүлөргө ыраазычылык билдирет жана кечирим сурайт”, – деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бүгүн эртең менен Раззаков шаарына учуп барган «Асман Эйрлайнс» аба компаниясынын учагы техникалык себептерге байланыштуу кайрадан Бишкек шаарына кайтууга аргасыз болгон.



