Ат-Башы ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдык иштери уланууда.
Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, №1, №2 жана №3 гидроагрегаттарга оңдоо иштери аяктады.
Ошондой эле өндүрүштүк жайларга капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, трансформатордук аянтчалар даярдалды жана автоунаалардын дизелдик жабдуулары жаңыртылды. Өрт коопсуздугуна да өзгөчө көңүл бурулуп, автоматтык өрт сигнализациясын долбоорлоо жана орнотуу иштери аяктады.



