Ат-Башы районунда Кыргызстандагы алгачкы заманбап үрөн сактоочу ири агро борбордун курулушу башталды.
Нарын облусундагы президенттин өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, жаңы борбор үрөндүк картошканы сактоо, сорттоо жана логистикалык кызмат көрсөтүү үчүн курулат.
Долбоор фермерлерди сапаттуу жергиликтүү үрөн менен камсыздап, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.



