Ат-Башы районунда президенттин Турукташтыруу фондунун эсебинен курулуп жаткан 13 кичи футбол аянтчасынын дээрлик бардыгы даяр болду

Ат-Башы районунда президенттин Турукташтыруу фондунун эсебинен курулуп жаткан 13 кичи футбол аянтчасынын дээрлик бардыгы даяр болду.

 

Президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, спорттук объектилер жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.

 

Жаңы аянтчалар балдар менен жаштардын спорт менен машыгуусуна шарт түзүп, сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.