Ататүрк паркын реконструкциялоо иши башталат

Бишкекте Ататүрк паркын реконструкциялоо иши башталат.

 

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан долбоордун алкагында паркты оңдоп-түзөө иши ооган жоокерлерине эстеликти, балдар аянтчаларын, сахнаны, спорт аянтчаларын, иппотерапия аянтчасын куруу, көлмө жана кароол аянтчаларын уюштурууну камтыйт. Ошондой эле чуркоо жана велосипед жолу салынат.

 

Жалпы аянты 77 миң чарчы метрди түзгөн жөө адамдар өтүүчү тротуарлар жасалат. Сугат системасы орнотулат жана башка инфраструктуралык иштер жүрөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.