Аткаруучу компания Ысык-Көл аэропортундагы тосмону кайра калыбына келтирет

Аткаруучу компания Ысык-Көл аэропортундагы тосмону кайра калыбына келтирет. Бул тууралуу президент администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

 

Анын айтымында, “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы жеке уюштуруучу компания менен тосмону куруу боюнча келишим түзгөн. 18-мартта катуу шамалдан улам курулушу аягына чыга элек дубалдын бир бөлүгү урап кеткен. Компания жоопкерчиликти толугу менен мойнуна алып, калыбына келтирет.

 

Учурда жеринде урандыны жыйнап-тазалоо жана курулушка даярдык иштери жүрүп жатат.