Ауэзов көчөсүндөгү ЖЭБ каналы аркылуу өткөн көпүрөнү оңдоо иштери башталды

Бишкекте ЖЭБ каналы аркылуу Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнү реконструкциялоо иштери башталды.

 

Мэриядан билдиришкендей, оңдоодон кийин көпүрөнүн туурасы дээрлик эки эсе узарып, азыркы 13 метрден 24 метрге чейин жетет. Эки тарабында жөө адамдар өтүүчү тротуарлар болот.

 

Ал эми жолдун туурасы Сагымбай манасчы көчөсүнөн Шабдан баатырга чейин кеңейтилет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.