Автоматтык эсептөө урналарынын маалыматы алдын ала болуп эсептелет

Автоматтык эсептөө урналарынын маалыматы алдын ала болуп эсептелет. Боршайком Жогорку Кеңеш депутаттарын кезексиз шайлоонун жыйынтыгы кандай эсептеле турганын түшүндүрдү.

 

Ага ылайык, эми участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрү бюллетендерди кол менен эсептеп чыгат.

 

Бул жыйынтыктарга  3 күндүн ичинде даттанууга болот. Андан кийин округдук комиссиялар маалыматты округдар боюнча бириктирет. Аларды талашууга дагы 3 күндүк мөөнөт берилет. Акыркы жыйынтыкты БШК 14-декабрга чейин жарыялайт. Ошондо ар бир округдан шайланган үч депутат белгилүү болот.