Бишкектеги «Азаттык арена» стадионунун курулушу кийинки жылдын 1-августунда аяктайт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда бетон иштеринин 80 пайызы бүткөн, калган бөлүгү 10-декабрга чейин толук жыйынтыкталат. Андан кийин стадиондун конструкцияларын монтаждоо иши башталат.
Объекттин курамында 40 миң чарчы метр соода аянты каралган. Бул жерге дүйнөлүк бренддер жайгашат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



