Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азербайжан өлкөсүнүн 10 өрт өчүрүүчү техника тапшырылды. Иш-чарага министр Бообек Ажикеев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин катышып, түрк тилдүү эки өлкөнүн маданий-гуманитардык, социалдык-экономикалык багыттагы кызматташтыгы достук маанайда өнүгүп келгендигине жана дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүүсүнөн жаралган өзгөчө кырдаалдардын коомчулукка тийгизген таасирине токтолушту.
“Бүгүн гуманитардык жардамга келген техникалар менен өрт өчүрүүчү бөлүктөрдүн потенциалын жогорулатып, адам өмүрүн сактап калууга өбөлгө болчу кубанычтуу иш-чаранын күбөсү болуудабыз. Бул саамалык өрт кырсыгынын кесепеттерин жоюуда бир топ жеңилдик берет”, — деген Ажикеев эки өлкөнүн куткаруучуларынын кызматташтыгы мындан ары дагы бекемделерин айтты.
Ал эми Азербайжандын элчиси кыргызстандык өрт өчүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалап, түрк тилдүү өлкөлөрүнүн достук байланышын бекемдөөгө данакер болууга, өлкөлөр ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн арттырууга токтолду.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



