Азия өнүктүрүү банкы Нарын облусунда 23 калктуу конушту таза суу менен камсыздоого 32 миллион доллардан ашык бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы Нарын облусунда 23 калктуу конушту таза суу менен камсыздоого 32 миллион доллардан ашык бөлөт. Президент Садыр Жапаров макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамына кол койду.

 

Ага ылайык, сумманын 27 миллиону насыя болсо, 5 миллион 350 миң доллар кайтарымсыз грант. Каражатка Нарын облусунун 23 айылында калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана локалдуу-тазалоочу жабдууларды орнотуу каралган. Программаны ишке ашыруу мөөнөтү 6 жыл.