Бүгүн 200дөн ашык адам Ысык-Көлдүн жээгин тазалайт

Бүгүн Ысык-Көл облусунда масштабдуу «Таза Ысык-Көл» экологиялык акциясы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын демилгечиси, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, ага мамлекеттик органдардын кызматкерлери, экоактивисттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана бизнес-коомчулук катышат.
«Ысык-Көлдүн жээгин тазалоо боюнча иш-чарага 200дөн ашык адам келет», — дешти мекемеден.
Акция 5-июнь – Айлана-чөйрөнү коргоо күнүнүн 50 жылдыгына арналат.
«Бул жылы Айлана-чөйрөнү коргоо күнү желим таштандыдан арылууга багытталган. Акция президенттин «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында жайкы туристтик сезон башталар алдында өткөрүлүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.