Синоптиктердин маалыматына ылайык, мындай аба ырайы борборду түштөн кийин каптайт.
Метеорологдордун билдиришинче айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Тургундарга дарактардын жана жеңил конструкциялардын жанында турбоо сунушталат. Айдоочулар унааларын ачык жайларга токтотуусу керек.


