Бүгүн Бишкекте Португалия — Өзбекстан беттешин көрүү үчүн фан-зона уюштурулат. Мэриянын маалыматына ылайык, Турдакун Усубалиев атындагы аянтта күйөрмандар үчүн чоң экран орнотулат.
Көрүүчүлөр үчүн программа кечки саат 9 жарымда башталып, беттеш 11де старт алат. Иш-чарага байланыштуу шаардын борбордук бөлүгүндө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.



