Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 9дан түнкү 12ге чейин Байтик баатыр көчөсү – Түштүк Чоң Чүй каналы – Ала-Арча суусу – Саманчин көчөсү – Байтик баатыр көчөсүнүн батыш тарабы – Ала-Арча-3 конушунда суу жок болот. Мунун себеби суу түтүгүндөгү аварияны калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.
Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундарды, ишкана-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.


