Бүгүн футбол беттешине байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөр тосулду

Бүгүн футбол беттешине байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөр тосулду. Кайгуул милициядан билдиришкендей, оюн аяктаганга чейин Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдо — Панфилов тилкеси жана Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

 

Эске салсак, бүгүн кечки саат 8де Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан жана Түндүк Корея курамалары беттешет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.