Бүгүн Кыргызстанда 147 миңге жакын бала мектеп босогосун аттады

Бүгүн Кыргызстанда 147 миңге жакын бала мектеп босогосун аттады.

 

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан окуу жылында 1,5 миллион окуучу билим алат. Учурда республика боюнча 2 миң 374 мектеп иштейт.  Аларда 97 миңге жакын мугалим эмгектенет. Ошондой эле өлкөдө 94 кесиптик лицей иш алып барат.