Бүгүн өлкө аймагында добуш берүү процесси тестирлөөдөн өткөрүлүүдө. БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров билдиргендей, тестирлөө ошондой эле Россиянын 5 шаарында – Новосибирск, Иркутск, Красноярск, Москва, Екатеринбургда өткөрүлүп жатат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2 миң 492 шайлоо тилкеси бар. Чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси ачылат. Ошону менен бирге биз ири соода борборлордо, базарларда жана башка жерлерге кошумча шайлоо тилкелерин ачуу пландалууда.



