Бүгүн өлкөнүн жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун биринчи туру башталат.
Илим министрлигинен билдиришкендей, ал 25-декабрга чейин уланат. Экинчи тур 12-14-январга белгиленсе, үчүнчү тур 19нан 21-январга чейин өтөт.
Ал эми акыркы төртүнчү тур 26-январда башталып, 28-январга чейин созулат. Эске салсак, кышкы кабыл алуу бир гана контракттык негизде билим алууга жүргүзүлөт.


