Бүгүн саат 13:14тө Нарын облусунда жер титирөө катталды

Бүгүн саат 13:14тө Нарын облусунда жер титирөө катталды.

 

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү очогунда 5 баллга чейин жеткен.

 

Жер титирөө Ак-Чий, Чолпон, Эпкин, Туз, Комсомол жана Орток айылдарында   5 баллга чейин сезилди. Кочкор, Кызарт жана Жумгал айылдарында силкинүү 4 баллга, ал эми Бишкек, Токмок жана Балыкчы шаарларында 3 баллга чейин жеткен. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.