Бүгүн Тамчы атайын инвестициялык аймагынын расмий ачылышы өтөт

Бүгүн Тамчы атайын инвестициялык аймагынын расмий ачылышы өтөт.

 

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышат. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, жаңы аймак бизнес, инвестиция жана инновациялар үчүн эл аралык шарттарды түзүүгө багытталган.

 

Бул жерде инвесторлор үчүн узак мөөнөттүү салык жеңилдиктери, инвестицияларды коргоо жана ыңгайлуу укуктук шарттар каралган. Аймак Ысык-Көлдүн жээгиндеги 6 миң гектар жерде жайгашып, миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда.