Бүгүнтөн тарта Астана — Тамчы — Астана багыты боюнча түз авиакаттам ачылат

Бүгүнтөн тарта Астана — Тамчы — Астана багыты боюнча сезондук түз авиакаттамдар ишке кирет.

 

“Кыргызстан аэропорттору” компаниясы билдиргендей, учактар 31-августка чейин жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү каттайт.

 

Эске салсак, буга чейин Алматыдан дагы ушундай сезондук каттам ачылган. Алматы — Тамчы багыты боюнча самолет 30-августка чейин учат жана бейшемби, жекшемби күндөрү аткарылууда.