Бүгүнтөн тарта Баткен облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан үч өткөрүү пункту күнү-түнү иштеп баштайт

Бүгүнтөн тарта Баткен облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан үч өткөрүү пункту күнү-түнү иштеп баштайт. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

 

Алар  “Кадамжай”, “Чечме” жана “Ак-Кыя” пункттары. Өткөрүү түйүндөрүнүн иш тартибин өзгөртүү жайкы туристтик сезон учурунда чек арадан өтүп жаткан жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт. Мындай режим үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин күчүндө болот.