Бүгүнтөн тарта Бишкектен “Манас” аэропортуна баруучу жол чектелет.
Аталган трассаны реконструкциялоонун биринчи этабы башталат. Мэриянын маалыматына ылайык, 23-июндан 1-июлга чейин аэропорттон Манас айылына чейинки Фрунзе көчөсүнүн 8 чакырым тилкесинде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Оңдоо иштерине байланыштуу жолдун бир тарабы этап-этабы менен жабылат. Унаалар жолдун экинчи тарабы аркылуу эки багытта жүрөт.



