Баңги кылмыштарына жаза күчөтүлдү

Баңги кылмыштарына жаза күчөтүлдү. Президент Садыр Жапаров “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

 

Документке ылайык, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо менен байланышкан кылмыш жасоодо эскирүү мөөнөттөрүн колдонууга тыюу салуу, баңгизат даярдоо үчүн соттолгон адамга жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну колдонууга тыюу салуу каралган.