“Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин кошумча төлөмү 5 эсе көбөйөт

Кыргызстанда “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин пенсиясына берилүүчү ай сайынкы кошумча төлөмдү 2027-жылдын январынан тарта 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталды.

 

Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Демилгечилердин маалыматына караганда, бул төлөмдүн өлчөмү 2011-жылдан бери өзгөргөн эмес. Кыргызстанда мындай орденге ээ 34 миңге жакын эне бар. Төлөмдү көбөйтүүгө республикалык бюджеттен жыл сайын 1 миллиард 662 миллион сом талап кылынат.