Бакытбек Сыдыгалиев Ош облусунун прокурору болду

Бакытбек Сыдыгалиев Ош облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.

Жаңы прокурорду облустагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилерине президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев тааныштырды.

Бакытбек Сыдыгалиев буга чейин Ош шаарынын прокурору болуп эмгектенген.